Демократтар Байденди шайлоо жарышынан чыгууга чакырууда

Автор

Конгресстин Өкүлдөр палатасындагы 25 демократ АКШнын президенти Жо Байденге шайлоо жарышынан чыгуу чакырыгы менен кайрылганы жатышат. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
«Өкүлдөр палатасынын демократтары Байденди артка чегинүүгө чакырганы жатышат»,-деп айтылат билдирүүдө. Башка булактын айтымында, кээ бир демократ конгрессмендер Байденге кат жөнөтүүнү карап жатышат.
Байден менен АКШнын экс-президенти Дональд Трамптын дебаттары 28-июнга караган түнү өттү.
Батыш басылмаларынын байкоочулары дебаттарды учурдагы мамлекет башчысы үчүн «катастрофа» катары баалашты. Вице-президент Камала Харрис америкалыктарды саясатчынын сөздөрүнө эмес, өлкө үчүн жасаган иштерине көңүл бурууга чакырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 3-июль саат 09:00гө карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 86 сом 20 тыйындан болсо, сатуу 87 сом 10 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 86 сом 12 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн