Салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин 2023-жылга кирешеси тууралуу декларациясын жарыялай баштады. Анда көрсөтүлгөн маалыматка ылайык, каржы министри Алмаз Бакетаев 6 миллион 836 миң 96,2 сом киреше тапкан.
Белгилей кетсек, Алмаз Бакетаев Каржы министрлигин 2021-жылдын 13-октябрынан бери жетектеп келген.
Декларацияда жакын туугандарынын кирешеси тууралуу да маалыматтар бар. Алар 3 миллион сом киреше таап, 246 чарчы метр аянтты ээлеген үйгө таандык деп саналган.