Дебатта президенттикке талапкерлер Россия-Украина жаңжалын талкуулашты

Автор

АКШ президенттигине талапкерлер Дональд Трамп менен Камала Харрис шайлоо алдындагы дебаттарда Украинадагы согуштук аракеттерди талкуулашты. Дональд Трамп орус-украин жаңжалын инаугурацияга чейин бүтүрөөрүн билдирди. Ал эми Камала Харристин айтымында Дональд Трамп президент болгондо, Украина утулмак.
Алып баруучунун Украинанын жеңишин каалайсызбы деген суроосуна “Мен согушту токтоткум келет. Себепсиз өлтүрүлүп жаткан миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калгым келет”,-деген Трамп Россиянын жана Украинанын президенттери Владимир Путин жана Владимир Зеленскийдин ортосунда сүйлөшүүлөрдү уюштурууну убадалады. “Мен бири, анан экинчиси менен сүйлөшөм, аларды жолуктурам”,-деди Трамп.
Камала Харристин айтымында Дональд Трамп АКШнын президенти болгондо, Украина буга чейин эле утулмак. Жо Байдендин тушунда АКШ Украинаны колдоо үчүн 50 өлкөдөн турган коалиция түзүүгө жетишкен. “Эгерде Трамп президент болгондо, Путин азыр Киевде отурмак. Бул Украинаны гана эмес, башкаларды да тынчсыздандырат. Ошондуктан биздин бардык союздаштар Трамп президент болбогонуна кубанышат. Путин, анын досу”,-деди Харрис.
Камала Харрис менен Дональд Трамптын дебатында орус-украин конфликти боюнча суроо акыркы суроолордун бири болду. Биринчи турда талапкерлер АКШнын экономикасын өнүктүрүү жана миграция кризисин жеңүү пландарын талкуулашты.
Дональд Трамп жыйынтыктоочу сөзүндө АКШ “төмөндөп жатат” деген оюн билдирип, акыркы 3,5 жылдагы демократтардын аракеттерин сынга алды. Ал демократтар тарабынан олуттуу өзгөрүүлөрдүн жоктугунун себептерин сурады. Демократтардын башкаруусу учурунда тутанган жаңжалдар үчүнчү дүйнөлүк согушка алып келиши мүмкүн деп кооптонуп, америкалыктар «жаман саясий жетекчилик» үчүн өз өлкөсүн курмандыкка чалбашы керектигин баса белгиледи.
Камала Харрис шайлоочуларга кайрылуусунда жеңишке жетишсе, АКШны дүйнөдөгү эң күчтүү армиясы бар өлкө кыларын убада кылды. Ал «мүмкүнчүлүктөр экономикасын» түзүүнү, чакан бизнеске инвестиция салууну жана АКШнын дүйнөдөгү ордун сактап турууну көздөй турганын баса белгиледи. Харрис ошондой эле өлкөнүн негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоорун билдирди. Украинаны колдоо же Россияга карата өзүнүн позициясын ачык айткан жок.
Харрис айым соңунда Дональд Трамп “өткөн чакка байланган” экенин, ал эми анын шайлоо кампаниясы “келечекке багытталган” деп билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров өзбек машыктыруучусу Акмаль Хасановго унаа белек кылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда бокс боюнча өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасанов менен жолугуп, Мунарбек Сейитбек уулунун жеңишине кошкон салымы үчүн ага ыраазычылык иретинде унаа белек кылды. Мамлекет башчысы Акмаль Хасанов менен болгон баарлашууда анын бул жасаган кадамы Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин достугун жана биримдигин даңазалаганын баса белгиледи. “Дүйнө жүзү Борбор […]

Сизге жагышы мүмкүн