Дастан Бекешев: “Тыгын жолдордо гана эмес мамлекеттик кеңсээлерде да болуп жатат”

Автор

Жогорку Кеңештин бүгүн, 12-сентябрдагы жалпы жыйынында кеңселердеги кезектер боюнча маселе айтылды.
Депутат Дастан Бекешев “Тыгын бир гана жолдордо эмес мамлекеттик мекемелерде да болуп жатат. Айрыкча, нотариалдык кеңселер менен салык кызматында. Адамдар болбогон бир дүмүрчөк алуу үчүн 3 күн күтүп, ага кошумча 150 сомдой каражат коротуп жатышат”,- деп билдирди.
“Ким үйүн же, унаасын сатса, салыктан карызы жок деген дүмүрчөк алуу үчүн чуркап жүрүшөт. Эгер 1 сом же, 10 сом карызы болсо, үстөк кошулуп, анысы аз келгенсип, банка акысы катары дагы 150 сом төлөйсүң. Дүмүрчөктү алуу үчүн дагы 3 күн күтөсүң. Туура эмес системаны дале колдонуп жатабыз. Буга чек коёлу да эми”,- деди депутат

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын тизмесин жарыяланды

КР Башкы прокуратурасы Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын тизмесин жарыялады. Маалыматка ылайык, соттор тарабынан Кыргызстандын аймагында төмөнкү уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Алар төмөнкүлөр: “Аль-Каида”; * “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы”; * “Күрт элдик конгресси” (“Конгра-Эль”); * “Чыгыш Түркстанды бошотуу уюму”; * “Хизбут-Тахрир-Аль-Ислами” (Ислам боштондук партиясы); * “Жихад тобу” (*Ислам жихадынын бирикмеси”); * […]

Сизге жагышы мүмкүн