Бүгүн, 12-декабрдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкекте ышка каршы күрөш боюнча кабыл алынган план эмнеге жыйынтык бербей жатканы тууралуу маселе көтөрдү.
Ал «Биз Бишкектин экологиясын жакшыртуу үчүн 50 миллион доллар насыя жана грант катары алдык. Бирок түтүн дагы деле өпкөбүздү басып алат. Бизде пландар, концепциялар, кадамдык аракеттер бар. Эмне үчүн мунун баары иштебейт? Аткаминерлерден кимдир бирөө отчет береби?», – деди Дастан Бекешев.
Белгилей кетсек, дүйнөдөгү абанын сапатын иликтеген IQAir сайтынын 11-декабрдагы индексинде Бишкек кечинде 243 деген көрсөткүч менен биринчи сапка чыккан. Андан кийинки саптарда Дакка, Лахор, Тегеран жана Ташкент шаарлары турат.