Дастан Бекешев: “Адам өмүрүн кыйган дарыгерлер камалышы керек”

Автор

Жаңы-жылдан кийин медициналык уюмдарды, дарыгерлерди, ооруканаларды кайрадан текшерүүгө алуу талабы айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
Эл өкүлү операция жасап, дарылаган дарыгерлерди аттестациядан өткөрүүнү жана соттук медициналык экспертизаны жөнгө салууну суранды.
“Мага тишин алдыруу учурунда каза болгон 3 жашар кыздын ата – энеси келди. Али күнгө чейин экспертизанын жыйынтыгы чыга элек экен. Ушул кантип болсун? Медицина бизде начарлады. Жөнөкөй эле операциядан кийин оорулуулар каза болуп жатышат. Туура эмес операция жасап, адам өмүрүн кыйган дарыгерлер камалышы керек. Клиникаларды текшерип чыккыла, суранам”,- деди депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

Парламентте токой чарбасын сактап калуу айтылды

Токой чарбасы өзгөчө кырдаалдар министрлигине берилгени парламентте сынга кабылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Балбак Түлөбаев айтып чыкты. Эл өкүлү президентке кайрылып, токой чарбасын өзүнчө агенттик кылып берүүнү суранды. Ал “токойдун өзгөчө кырдаалга эмне тийешеси бар. Өлкөбүздө уникалдуу токойлор бар. Ошолорду сактап калалы, урматтуу төрага, сиз […]

Сизге жагышы мүмкүн