Косметолог Рошан Равиндран “Аль-Наср” клубун жана Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналдуну сотко берди. Бул тууралуу «Чемпионат» басылмасы жар салды.
Маалыматка ылайык, Равиндран Роналду 40 миң фунт стерлинг төлөбөгөнүн билдирген. Дарыгер футболчуга жана анын үй-бүлөсүнө Роналду дагы эле “Манчестер Юнайтед” клубунда ойноп жүргөндө Чеширдеги клиникасында кызмат көрсөткөн. Рошандын адистиктерине ботокс, толуктоо, териге кам көрүү жана көтөрүү кирет.
Эске салсак, 2023-жылдын январынан бери Криштиану Роналду “Аль-Наср” клубу үчүн ойноп келет. Бул сезондо 39 жаштагы португалиялык футболчу команданын курамында 16 беттеш өткөрүп, анда 11 гол киргизип, 3 пас берген.