“Кыргыз-Түрк” кызматташтыгынын алкагында Түркиянын Малатья шаарындагы Исмет Инөнү Университетинин медициналык клиникасында кыргыз дарыгерлерин органдарды трансплантациялоо боюнча даярдыктан өткөзүү боюнча келишим түзүлгөн.
Алгачкы жолу жөнөтүлгөн 1-2-партияларда анча-мынча мүчүлүштүктөр чыкканын, тизмеге медициналык окуу жайды жаңыдан бүтүп, эч жерде иштебегендер да кошулуп калганын, саламаттык сактоо министри Адымкадыр Бейшеналиев парламенттин комитет жыйынында билдирди. Ал эми кийинки баргандардан кээ бир дарыгерлер 1 ай окугандан кийин башка клиникаларга ишке орношуп алышкан. “Бирок, мындай учур азыр жок, учурда 20 дарыгер боор, 10 дарыгер чучук трансплантациялоо боюнча тажрыйба алмашып жатышат. Тизме менен жөнөтүү жагы иретке келген жана жалаң гана адистешкен дарыгерлер жөнөтүлүп жатат. Алардын ичинде 10 медайым да бар.”,- деди министр.