Мындан ары ооруканаларга барып, дарыгерлер менен чырдашкандар мыйзам жоопкерчилигине тартылышат. Мыйзамда аларды 8 жылга эркинен ажыратуу каралган. Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракттенүү боюнча комитетинин депутаттары Венера Райымбачаева, Жанар Акаев, Айбек Маткеримов, Мирлан Самыйкожо жана Жылдыз Садырбаевалар аталган мыйзамдын долбоорун сунушташып, ал биринчи окууда кабыл алынды. Учурда мыйзам долбоору боюнча талкуу жүрүп жатат.
Бирок, мыйзам долбооруна терс пикирин билдиргендер бар.