Дарыгерлерге жумушка жеке унаасы менен барбоо сунушталды

Автор

Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы дарыгерлерге жумушка жеке автоунаа менен келбөөнү сунуштоодо. Тиешелүү катты министрдин орун басары Медербек Исмаилов жергиликтүү жетекчилерге жөнөткөнүн Көз карандысыз медициналык профсоюздун жетекчиси Бермет Барыктабасова билдирди.
Катта бул чечим өкмөттүн чоң шаарлардагы жол тыгындарына каршы күрөшүү тапшырмасын аткаруунун алкагында кабыл алынганы айтылат.
Бул чара кандайча ишке ашары азырынча түшүнүксүз.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Кыргызстан -Иран футбол беттеши Ала-Тоо аянтында түз эфирде көрсөтүлөт

Бүгүн, 5-сентябрда Ала-Тоо аянтында Кыргызстан менен Ирандын футбол курама командаларынын беттеши түз эфирде көрсөтүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министригинен билдирди. Маалыматка ылайык, оюн саат 22:00дө башталат. Ал эми Ала-Тоо аянтында ачылган фан-зоонада конокторго шоу-программа, сынактар жана белектер тартууланат. Эскерте кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2026-жылы […]

Сизге жагышы мүмкүн