Дания Гренландияны коргоону күчтөндүрөт. Трамп аймакты аларын айтып чыкты

Автор

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп бул Арктика аймагын сатып алууга кызыгуу билдиргенден бир нече саат өткөн соң Дания өкмөтү Гренландиянын коргоосуна чоң суммадагы каражат бөлүнөрүн жарыялады.
Даниянын коргоо министри Троэльс Лунд Поульсен пакеттин суммасы аз дегенде 1,5 миллиард долларды түзөрүн билдирди.
Буга чейин Трамп бул чоң аралга ээ болуу жана аны көзөмөлдөө АКШ үчүн абдан зарыл деп айткан эле.
Гренландия – Данияга караштуу автономиялуу аймак. Аралда АКШнын ири космостук базасы «Пайтуфик» жайгашкан. Гренландия АКШ үчүн стратегиялык мааниге ээ. Анткени ал Европага эң кыска жолдо жайгашкан. Ошондой эле, аралда кен байлыктардын жана мунайдын ири корлору бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчыбек Ташиев Баткенде миңден ашык батирдин курулушун бүтүрүүнү тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен шаарында курулуп жаткан мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен таанышты. Атайын кызматтан маалымдашкандай, ал келе жаткан жылдын күз айларына чейин 1,2 миң батирдин курулушун бүтүрүп, тургундарга берүүнү тапшырды. Айрыкча курулуп жаткан үйлөрдүн сапатына өзгөчө көңүл буруп, жумушту […]

Сизге жагышы мүмкүн