Дания бардык артиллериясын Украинага өткөрдү

Автор

Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен Мюнхен коопсуздук конференциясында өлкө “бардык артиллериясын” Украинага өткөргөнүн айтты.
Ал согуштук аракеттер башталганынын эки жылдыгына карата Украинага аскердик жүктөрдү жеткирүүгө чакырды. Сөз ок-дарылар, артиллерия, алыскы аралыкка учуучу ракеталар, учкучсуз учактар, F-16 истребителдери жөнүндө болуп жатат.
Метте Фредериксен кыска мөөнөттө Евробиримдик Украинага эмне керек болсо, ошону бериши керектигин баса белгилеп, “узак мөөнөттүү келечекте Украина Евробиримдикке жана НАТОнун коргонуу альянсына кошулушу керек”-деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанын икаясы: Достук жөнүндө

Бир даанышмандан “Достуктун канча түрү бар?” – деп сурашат. Ал төрт түрү болгондугун айтат. Тамак сыяктуу достор болот. Алар күн сайын керек. Дары сыяктуу достор болсо, өзүңдү жаман сезгениңизде издейсиз. Ал эми оору сыяктуу достор, өздөрү сени издешет. Абадай достор болот – сен аларды көрө албайсың, бирок алар ар дайым […]

Сизге жагышы мүмкүн