Дамба жарылды: 150дөн ашык тургун көчүрүлдү

Автор

Казакстанда Атырау облусунун Махамбет районундагы Жалгансай айылында кечээ кечинде курулган дамба жарылды. Айылдын тургундары эвакуацияланды. Учурда айылдык медициналык пунктту суу каптоо коркунучу бар. Кырдаалды турукташтыруу үчүн облус борборунан кошумча күчтөр жана каражаттар суралган.
Саат 04:00гө карата эвакуациялоо борборлоруна 154 адам жайгаштырылды, анын 96сы балдар.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров: "Ысык-Көлгө сиз күйбөй эле коюңуз"

Президент Садыр Жапаров жалган маалымат тараткан Анастасия Ахметова аттуу чет элдик блоггерге жооп берди. Анын тарткан видео кайрылуусунда Кыргызстандагы уранды иштетүүгө Британиялык белгилүү фирмалар аралашып жаткандыгы, мындан улам Ысык-Көл коркунучка кептелгени айтылат. Президент блогер айымды чагымчыл деп атап, элди козутуп, бүлүк салуу аракетин ишке ашырып жатканын айтты. “Экономикабыздын өсүп жатышы […]

Сизге жагышы мүмкүн