Дайырбек Орунбеков УТРКга жетекчиликке барышы мүмкүнбү?

Автор

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков башка кызматка которулушу айтылууда. Мындай маалымат социалдык тармактарда таралып жатат.
Маалыматта айтылгандай, ал УТРКны жетектеп калышы мүмкүн. Дайырбек Орунбеков оппозициялык активисттердин билдирүүлөрүнө токтоолук менен мамиле жасаган жана коомдук чыңалууну жараткан маалыматтарды таратуудан алыс болду. Кайсы кызматты аркалабасын анын тажрыйбасы кеңири. Бирок, учурдагы абалдан пайдалангысы келгендер аны Искендер Матраимовго байланыштырып жатышат. Ага себеп , 2021-жылы Райымбек Матраимов камакка алынганда УКМК имаратынын жанындагы колдоо митингдерине катышканы белгилүү болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Активист Мелис Аспеков жети жылга эркинен ажыратылды

Биринчи май райондук соту активист Мелис Аспековду жети жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу анын уулу Аалы Аспеков Фейзбук баракчасына жазды. Ал атасы соттун чечимине макул эместигин билдирип, жогорку инстанцияга апелляциялык арыз менен кайрылышарын тактады. Эскерте кетсек, активист Мелис Аспеков массалык баш аламандыкка даярданууга айыпталып, №1 тергөө абагына камалган. Мындай чечим […]

Сизге жагышы мүмкүн