Дагы бир “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды

Автор

Бишкекте дагы бир “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды. Дарыкана №4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун Правда жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги филиалында уюштурулду. Бул тууралуу ведомстводон билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.
Бул Бишкек шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарынын базасында ачылган 19-мамлекеттик дарыкана, учурда республика боюнча 88 дарыкана иштейт.
Дарыкана пункттарындагы ассортимент дарыкана пункттары жайгашкан саламаттык сактоо уюмунун өзгөчөлүгүнө, сатуунун деңгээлине жана саламаттыкты сактоо уюмдарына жараша 2500дөн ашык фармацевтикалык продукцияны түзөт. “Эл Аман” мамлекеттик дарыканаларында чекене баалар өлкөдөгү жеке дарыканаларга караганда орто эсеп менен 10-20%га төмөн. Ошондой эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жеңилдетилген рецепттери менен дары-дармектер “Эл Аман” дарыканалары аркылуу рецептке жана бейтаптын оорусуна жараша 50%дан 100%га чейин арзандатуу менен сатылат.

Бөлүшүү:
Next Post

Берлинде миңдеген адамдар тынчтык жүрүшүнө чыкты

Берлинде миңдеген адамдар Германиянын биримдик күнүндө тынчтык жүрүшүнө чыгышты. 3-октябрь күнү Берлинде миңдеген адамдар тынчтык үчүн жылдыздуу жүрүшкө катышышты. Иш-чарада негизинен Украинаны жана Израилди курал менен колдоого сын айтып, Москва менен Киевдин ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү жана Газадагы согушту токтотууну талап кылууга көңүл бурулду. Демонстрация ошондой эле Германияга орнотулган америкалык орто […]

Сизге жагышы мүмкүн