Россия Федерациясынын Брянск облусунда дагы бир жүк ташуучу поезд рельстен чыкты. Аймактын губернатору Александр Богомаз буга жардыруу себеп болгонун, укук коргоо органдары ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп жатканын билдирди.
Окуя 2-майда болгонун «Россия темир жолу» мамлекеттик ишканасы расмий Telegram каналында билдирди. «Бүгүн саат 19:47де Брянск облусунун Снежецкая-Белые Берега темир жол транспортунун ишине мыйзамсыз кийлигишкендиктен локомотив жана 20га жакын вагон рельстен чыгып кетти”,-деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө. Жабыркагандар, ачык өрт болгон жок.
Белгилей кетсек, 1-майда Брянск облусунда темир жолдун башка тилкесинде жүк ташуучу поезд рельстен чыгып кеткен.