Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1- бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык кылмыш ишин козгоду.
Маалыматка ылайык, Бишкекте «Адилет» партиясынын штабы тинтилип, «шайлоочулардын добушун сатып алуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
«Тергөөнүн жүрүшүндө И.Н., аттуу жаран «Адилет» саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер А.И., 113 шайлоочуга добуш сатып алуу үчүн 55 500 сом суммасында акча бергени, ошондой эле 1000 сомдон 2000 сомго чейин 17 жаранга которгону аныкталган. Көрсөтүлгөн жагдайлар И.Н. жана «Адилет»саясий партиясынын шайлоо алдындагы штабынын жашаган жерин тинтүү учурунда алынган документтер менен тастыкталды», — деп билдирди милиция.
Талапкер И.Н., Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык («Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу») кылмышка шектелүүдө. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы, бардык катышкан адамдардын аракеттерине юридикалык баа берилери кошумчаланды.