Ош облусунун губернаторунун орун басары Эрнис Толтоев кызматтан кетти. Ал өздүк баракчасына “үй-бүлөлүк шартыма караштуу жумушту тапшыруу чечимин кабыл алдым”,- деп жазды.
Толтоев 2016-жылдан бери мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен иштешип, 2017-жылы анын жардамчылыгына дайындалган. 2022-жылы Ош облусунун губернаторунун орун басарлыгына киришкен эле.
Жум Янв 19 , 2024
Чыңгыз Бапаев Алай районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. «Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Бапаев Чингиз Арстанбекович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды», — деп айтылат билдирүүдө. Буга чейин Азамат Кожомамбетов берген арызынын […]