Дагы бир жетекчи камакка алынды

Автор

УКМК Ош шаардык мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алтынбек Пирматовду кылтакка илди. Ал “Туран” кичи шаарчасындагы селди алдын алуучу 2.2 гектар каналды сатып жибергени үчүн кармалганы белгилүү болду.
Ага кылмыш жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча кылмыш иши козголду. Кечээ, 29-ноябрда Ош облустук соту анын баш коргоо чарасын карап, 2024-жылдын 27-декабрына чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды. Ушул эле кылмыш иш боюнча муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы Ашымжан Семетеев да кармалып, учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда ВИЧ инфекциясынын 14 миң 159 учуру катталды

Кыргызстанда 1-ноябрга карата ВИЧ инфекциясына кабылып, расмий каттоодон өткөндөрдүн саны 14 миң 159 адамга жетти. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун дарыгери Баккелди Жумабеков билдирди. Анын айтымында, анын ичинен 13 миң 331и кыргызстандык болсо, 828и чет элдик жарандар. […]

Сизге жагышы мүмкүн