Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков мандатынан ажыроо алдында турат. Белгилүү болгондой, Бишкек шаардык администрациялык соту Талас округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бишкек шаарын 1 жыл, Ысык-Көл облусун 2 ай башкарган Эмил Абдыкадыров Бишкек шаардык сотко административдик доо арыз менен кайрылган. Сот анын доо арызын канааттандырып, Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо өттү деген чечимин жокко чыгарды.