Дагестанда аткаминерлер тыкыр текшерүүгө алынат

Автор

Дагестанда аткаминерлер тыкыр текшерүүгө алынат
Дагестан Республикасында Махачкала жана Дербент шаарларындагы чиркөөлөргө жана андагы кызматкерлерге куралчандардын кол салуусунан кийин жетекчилик кызматтарды ээлеген адамдардын бардыгын тыкыр текшерилет. Бул тууралуу республикалык элдик жыйындын отурумунда Дагестандын башчысы Сергей Меликов билдирди.
Ал кол салгандардын арасында Сергокалинск районунун башчысынын туугандары болгонун эскертти.
«Балким, башка райондордун башчылары арасында дагы бандиттик түзүмдөр бардыр»-деген суроону койду Дагестандын башчысы.
Акыркы маалыматтар боюнча, Дербент жана Махачкаладагы кол салуулардан 21 адам көз жумду. Алардын 16сы полиция кызматкерлери болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Футбол тарыхындагы эң мыкты 10 калыстын рейтинги жарыяланды

Британиялык GiveMeSport сайты футбол тарыхындагы эң абройлуу 10 калыстын рейтингин түзүштү. Рейтингдин сап башында атактуу италиялык калыс Пьерлуиджи Коллина турат. Алдыңкы ондукка үч англиялык кирди. GiveMeSport версиясы боюнча тарыхтагы эң мыкты 10 калыс: Пьерлуиджи Коллина (Италия) Ховард Уэбб (Англия) Никола Рицзоли (Италия) Маркус Мерк (Германия) Марк Клаттенбург (Англия) Ким Милтон […]

Сизге жагышы мүмкүн