Дагестанда антитеррордук операция аяктады

Автор

Россиянын Улуттук антитеррордук комитети Махачкала жана Дербент шаарларында антитеррордук операциянын аяктаганын билдирди. Комитет бардык кол салгандар жок кылынганын тастыктады.
23-июнда, кечинде Дербенттеги синагога жана чиркөөгө, ошондой эле Махачкаладагы чиркөө, синагога жана жол кайгуул постуна кол салуу болгон. Окуяда 15тен ашык милиция кызматкери жана бир нече жаран курман болду. Алты согушкер жок кылынды. Алардын үчөө республиканын Сергокалин районунун башчысы Магомед Омаровдун уулдары жана жээни болгон. Аткаминер кармалып, «Бирдиктүү Россия» партиясынан чыгарылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн өрт чыкты

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Алдын ала маалымат боюнча, ӨКМге Фучик көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 12-кабатынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 12:04төн тарта 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб тартылган. Кошумча маалымат берилет. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн