Дагестандагы теракттардан 15тен ашык полиция курман болду

Автор

15тен ашык полиция кызматкерлери Дагестандагы теракттардын курмандыктары болду. Ошондой эле бир нече жөнөкөй жарандар көз жумганын аймактын башчысы Сергей Меликов билдирди.
“Дагестандын тынчтыгын жана коопсуздугун коргоп жаткан учурда, бүгүнкү теракттын курмандыктарынын арасында 15тен ашык полиция кызматкерлери бар”, – деди аймактын башчысы өзүнүн Telegram-каналында. Республикада 24-25-26-июнь күндөрү аза күтүү күндөрү деп жарыяланды.
Улуттук антитеррористтик комитеттин маалыматы боюнча, каза болгондордун арасында Православ Чиркөөсүнүн дин кызматкери бар.
Меликовдун айтымында, республикадагы абал мамлекеттик бийлик органдары жана укук коргоо органдары тарабынан көзөмөлдө турат. Оперативдүү-издөө жана тергөө иш-чаралары бардык “уйкудагы ячейкалардын” катышуучулары аныкталганга чейин жүргүзүлөт.
Жекшемби күнү кечинде куралчан топ Дербенттеги синагога менен чиркөөнү аткылашкан. Натыйжада, имараттарда өрт чыккан. Ошол эле учурда Махачкаладагы постко кол салуу болгон. Ошондой эле дагы бир кол салуу Сергокала айылында болгон. Ал жерде кылмышкерлер полиция унаасын аткылашып, бир кызматкер жаракат алган.
Дагестан боюнча Тергөө комитети “Теракт” беренеси боюнча кылмыш иштерин козгоду.
Улуттук террорго каршы комитет беш согушкердин жок кылынганын маалымдады: экөө Дербентте жана үчөө Махачкалада.

Бөлүшүү:
Next Post

БРИКС – 2024: Кыргыз гимнасттары коло медалга ээ болушту

БРИКС эл аралык спорттук оюндарында Кыргызстандын спортчулары өз өнөрлөрүн көрсөтүүнү улантышууда. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей Кыргызстандын намысын спорттун 14 түрү боюнча 100дөн ашык спортчу коргоп жатат. Жалпысынан БРИКС оюндарына 97 өлкөдөн спорттун 29 түрү боюнча 4751 спортчу катышууда. Кыргызстандын көркөм гимнастика боюнча өспүрүмдөр курама командасы беш алкак менен […]

Сизге жагышы мүмкүн