Швейцариянын Давос шаарында Дүйнөлүк экономикалык форум өтүп жатат. 54-саммитте 60тан ашык өлкөнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү киберчабуулдарды, экстремизмди жана табигый кырсыктарды талкуулашууда. Негизги блок климаттын өзгөрүшүнө арналган.
Швейцариянын Альп тоолорунда өткөн абройлуу конференцияга акыркы жылдары 3 миңден ашык катышуучу келет. Анын ичинде мамлекет башчылары, коомдук ишмерлер, илимпоздор жана журналисттер бар.