Ал учурда Ташкент облусунун Зангиата районундагы аялдар түрмөсүндө жатат.
2015-жылы мамлекеттик мүлктү ыйгарып алуу, арам акчаны адалдоо жана коркутуп, үркүтүү жолу менен каражат талап кылуу боюнча кармалып, 5 жылга калмакка кесилген. Кайра 2020-жылы “мамлекеттик каражатты уурдаган жана бирөөнүн мүлкүн тартып алуу менен Өзбекстандын кызыкчылыгына каршы макулдашууларга барган” деген айып тагылып, дагы 13 жыл төрт ай кошулган.
Учурда Гүлнара Каримованын иши боюнча Швейцариянын прокуратурасы Lombard Odier банкын арам акчаны адалдоого айыптады.
Аталган банктын Гүлнара Каримованын кылмыштуу иштерин жашырууда жардам бергени айтылып жатат.
Гүлнара Каримова Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун эң чоң кызы.