Гүлнара Баатырова Эмгек министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Автор

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Баатырова Гүлнара Маришовна мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Гүлнара Баатырованын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Бөлүшүү:
Next Post

8-сентябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 8-сентябрга карата күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,   Талас өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында […]

Сизге жагышы мүмкүн