Гүлжигит Алыкулов беларусиялык “Неман” клубунан кетет. Себеби

Автор

Кыргызстандык жарым коргоочу Гүлжигит Алыкулов быйылкы сезондун аягында “Неман Гродно” клубунда оюндарын аяктайт. Бул тууралуу футболчу “Беларусь 5” телеканалына курган маегинде билдирди.
– Азырынча менин бардык оюм Немандын курамында ойноого багытталган. Сезондун аягында мен башка клубга өтүшүм ыктымал, бирок азырынча бардык деталдарды билбейм Бирок мен Гродно шаарында калбай турганым анык. Анын бардык күйөрмандарына рахмат. «Неман менин экинчи үйүм десем болот», – дейт Алыкулов.
Учурда Игорь Ковалевичтин командасы Белоруссия чемпионатынын Жогорку Лигасынын таблицасында экинчи орунда турат. Гродно командасынын 26 матчтан кийин 57 упайы бар. Лидер «Динамо Минск» командасынын 59 упайга ээ(24 беттешуу).

Бөлүшүү:
Next Post

Боом капчыгайынын бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Бүгүн, 31-октябрда Боом капчыгайынын бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын билдирди. Маалыматына ылайык, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 129-чакырымынан 130-чакырымына чейинки бөлүгүндө таш кулатуу иштерине байланыштуу бүгүн саат 15:00гө чейин унаа жолу маал-маалы менен жабылып турат. Жол инспекторлору […]

Сизге жагышы мүмкүн