Журналист Гүлжан Каримованын бүгүн баш коргоо чарасы каралат. Ал кечээ УКМК тарабынан 48 саатка камалган.
Белгилүү болгондой, журналист Кылмыш-Жаза кодексинин 330-беренесинин негизинде диний кастыкты козутууга шектелди деп айыпталууда. Ага январь айында ФБ баракчасына жазган посту себеп болгон.
Гүлжан Каримова кыргыз тилинде жарык көргөн жана абройлуу делген «Назарньюс» сайтынын негиздөөчүсү.