Гутерриш чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды

Автор

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташууну жакшы деп баалады. Бул тууралуу ал президент Садыр Жапаровго 2-июлда Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда айтты. Гутерриш белгилегендей, Кыргызстан БУУ иштеген бардык секторлор боюнча активдүү иш алып барууда.
“Кыргызстан тынчтыктын символу болсун. Сиз чек ара маселелери же башка болобу, тынчтыкты орнотуу боюнча чоң аракеттерди көрүп жатасыз. Мен эки жолу Фергана өрөөнүндө болгонмун жана чек ара маселесин чечүү канчалык кыйын экенин билем. Ал жер пазл сыяктуу. Баарын түшүнүп, чечүү үчүн күч-аракет жумшоо керек. Биз Тажикстан менен чек ара маселеси Өзбекстан менен болгон сыяктуу дипломатиялык, тынч, сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет деп ишенебиз”,-деп кайрылды БУУнун башкы катчысы.

Бөлүшүү:
Next Post

Белгилүү актер Стивен Сигал Кыргызстанга келди

Дүйнөгө белгилүү америкалык актер Стивен Сигал Кыргызстанга келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды. «Актер президент Садыр Жапаров менен Ысык-Көлдүн жээгинде учурашып, кыскача баарылашты», — деп жазды ал. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн