Гутерриш: Тынчтык орнотуучуларга кол салуу эл аралык укукту бузат

Автор

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Ливандын түштүгүндөгү тынчтык орнотуучулар жабыркаган чабуулдарды айыптады.
«Тынчтык орнотуучуларга кол салуулар эл аралык мыйзамды, эл аралык гуманитардык укукту бузат. Булар согуш кылмыштары болушу мүмкүн»,-деп айтылат Гутерриштин билдирүүсүндө.
Баш катчы БУУнун кызматкерлеринин жана мүлкүнүн коопсуздугу камсыздалышы керек экенин жана мекеменин жайларына кол тийгис болушу бардык шарттарда сакталууга тийиш экенин баса белгиледи.
Жекшемби күнү Израилдин Коргонуу армиясынын эки танкы тынчтык орнотуучулар жайгашкан аймактагы башкы дарбазаны талкалашкан. Аскердик техника ал жерден кеткенден эки саат өткөндөн кийин снаряддар атылган. Бир нече тынчтык орнотуучулар жабыркаган.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 13-октябрда БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришке кайрылып, Ливан аймагынан тынчтык орнотуучу күчтөрдү чыгарууга чакырды. Израил ал жерде «Хезболла» кыймылына каршы операцияларды жүргүзүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Жергиликтүү бийликке эскертүү берди

“Мындан ары шаарды карашыбыз керек. Көпчүлүк жери таштанды, арыктар тазаланган эмес, жашылдандыруу боюнча иш алып барылбаган”,- деди УКМК төрагасы Баткен облусунда эл менен болгон жолугушууда. Ал жергиликтүү бийликке катуу эскертүү берди. “Шаарда баратсаң, арыктар таштандыга толуп турат. Аны тазалап коюшка акча керек эмес, (виждан) намыс, ариет керек. Мамлекети үчүн берилгендик […]

Сизге жагышы мүмкүн