Гутерриш: Климаттык каржылоо — бул кайрымдуулук эмес, инвестиция

Автор

Климаттык каржылоо кайрымдуулук эмес, бул инвестиция. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш Бакуда өткөн дүйнөлүк климаттык саммиттин ачылышында билдирди.
“Мен кызыкдар тараптарды өзгөрүүлөргө чакырам, анткени биз убакытты текке кетире албайбыз”,-деди Антониу Гутерриш.
“Бул маанилүү учурда сиз жана сиздин өкмөттөр климаттык каржылоо кайрымдуулук эмес, инвестиция экенин түшүнүп, климаттык иш-аракеттер милдеттүү экенин унутпашы керек. Булардын баары адамзатка жашоого жарактуу дүйнөнү сактап калуу жана Жер бетиндеги ар бир мамлекет үчүн гүлдөп-өнүккөн келечекти камсыз кылуу үчүн керек. Убакыт өтүп жатат. Мен сиздерге ишенем”,-деди ал.
Баш катчы 2024-жылы тарыхтагы эң ысык күн жана ай катталганын, бул жылы да эң ысык жыл болушу мүмкүн экенин айтты.
“Биз адилетсиздикти көрүп жатабыз, аны болтурбаса болмок. Маселени байлар жаратты, ал эми анын азабын жакырлар тартып жатат. Бир саатта миллионер жакыр өлкөдөгү адамдын өмүр бою сарптаганынан көбүрөөк керектеп, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат”,-деп белгиледи Антониу Гутерриш.
Ал климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүү боюнча мурда кабыл алынган чечимдерди аткарууга, кайра жаралуучу энергия булактарын пайдаланууга басым жасоого чакырды.
Бул багытта ал өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү колдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, ар бир мамлекетке климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүүгө зарыл болгон куралдар жана ресурстар берилүүгө тийиш экенин айтты. Бул процессте лидердикти “Чоң жыйырмалык” алып жүрүшү керек деп кошумчалады.

Бөлүшүү:
Next Post

13-ноябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, […]

Сизге жагышы мүмкүн