Гутерриш Борбор Азия боюнча сапарга чыгат

Автор

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш 29-июндан баштап Борбор Азия өлкөлөрү боюнча сапарга чыгат.
Жума күнү Нью-Йорктогу брифингде анын пресс-катчысы Стефан Дюжаррик маалымдагандай, уюмдун башкы катчысы Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстанды кыдырат. Анын айтымында, ар бир өлкөдө Гутерриш мамлекет башчылары жана башка жогорку даражалуу өкүлдөр менен жолугуп, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча долбоорлор менен таанышып, жергиликтүү активисттер менен жолугушат. Сапардын алгачкы токтоосу – Өзбекстандын борбору Ташкент. Астанада 4-июлда Башкы катчы Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине катышат. “Өзүнүн сөзүндө Гутерриш форумдун катышуучуларын БУУнун Уставына жана Адам укуктарынын жалпы декларациясына негизделген көп тараптуулук принциптерине берилгендигин ырастоонун зарылдыгын эске салат. Ал бул аракеттердин борборунда тынчтыкка умтулуу болушу керектигин белгилейт. БУУнун башкы катчысы ошондой эле эл аралык коомчулукка геосаясий пикир келишпестиктер жалпы коркунучтарды, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүнү натыйжалуу жок кылууга тоскоолдук кылып жатканын эскертет”,-деп айтылат билдирүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда бир мандаттуу 3 округда шайлоо өнөктүгү башталды

Бүгүн саат 08:00дө №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, үч шайлоо округунан жалпы 28 талапкер депутаттыкка ат салышууда. Анын ичинен: №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунан – 9; №36 […]

Сизге жагышы мүмкүн