Гурбангулы Бердымухамедов уулун Эгемендик күнү менен куттуктады

Автор

24-сентябрда Халк Маслахатынын жыйынынын жыйынтыгында Түркмөн элинин Улуттук Лидери Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовду Түркмөнстандын көз карандысыздыгынын 33 жылдыгы менен куттуктады. Улуттук форумда өлкө элинин бакубат жашоосун камсыз кылууга жана өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынганын белгиледи.
Халк Маслахатынын башчысынан кийин президентти Түркмөнстандын Меджлисинин төрагасы, министрлер кабинетинин төрага орун басарлары жана аскерий жана укук коргоо органдарынын жетекчилери да куттукташты.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын самбо боюнча курамасы эл аралык рейтингдик мелдешке катышат

Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү “Cup of the President of the National Olympic Committee of Armenia G.Tsarukyan” эл аралык рейтингдик мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеш 28-29-сентябрь күндөрү Армениянын Ереван шаарында өтөт. Курама команданын тизмеси: – 64 кг Белек Бараканов; – […]

Сизге жагышы мүмкүн