Гурбангулы Бердымухамедов кызын кызматка койду

Автор

Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов кызы Огулжахан Атабаеваны Г. Бердымухамедов атындагы кароого муктаж балдарга жардам берүү боюнча кайрымдуулук фондунун дарылоо иштери боюнча вице-президенти кызмат ордуна дайындады.
Дайындоо 7-декабрда Аркадаг шаарында өткөн кайрымдуулук фондунун башкармалыгынын жыйынында болгон.
Огулжахан Атабаева Түркмөнстандын Лондон шаарындагы элчилигинин кеңешчиси болуп иштеп келген Довлет Атабаевдин жубайы.
Экс-президент Гурбангулы Бердымухамедов менен жубайы Огульгерек Бердымухамедованын үч баласы бар. Уулу Сердар атасынын ордуна мамлекет башчысы болуп дайындалган. Эки кызы Огулжахан жана Гулшан.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнөдөгү эң кымбат футболчулары аталды

CIES Football Observatory уюмунун рейтингине ылайык, норвегиялык Эрлинг Холанд дүйнөдөгү эң кымбат футболчу деп табылды. «Манчестер Сити» футбол клубунун чабуулчусу дүйнөдө 200 млн евродон ашкан жалгыз футболчуга айланды. Ал эми «Реалдын» футболчусу Винисиус Жуниордун баасы 196,3 млн евро. Жалпылап айтканда, баасы 100 млн евродон ашкан 20 футболчу бар. Алардын тизмеси […]

Сизге жагышы мүмкүн