Жалал-Абад облусунун губернатору Абсатар Сыргабаев жетекчилерди чогултуп, Сузакта Манас айтуу учурундагы окуя боюнча жыйын өткөрдү. Ал ушул сыяктуу окуяларды алдын алуу максатында бир катар тапшырмаларды берди. Эми, жергиликтүү бийликтин уруксаты жок бир дагы иш – чара өтпөйт. Өз алдынча иш – чара өткөргөндөр токтоосуз кызматтан кетишет.
“Сузактагы окуя бизге сабак болушу керек”,- деди губернатор. Облус аймагында тартипти сактоо үчүн ушул эрежеге бардык жетекчилер баш ийүүсү керектиги айтылды.
Дүй Май 6 , 2024
Президент Садыр Жапаров 8-майда Евразия экономикалык биримдигинин юбилейлик саммитине жана 9-майда Москва шаарында өтө турган Жеңиш парадына катышат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө мамлекет башчылары “2025-жылга чейинки Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” 2023-жылдын жыйынтыктары […]