Грузиянын жарандары 1-январга караган түнү бир эмес, эки президенттин куттуктоосун укмакчы. Ишембиде жаңы президент Михаил Кавелашвилинин инаугурациясы өтөт. Ал 26-октябрдагы шайлоодо жеңишке жетишкен «Грузин кыялы» партиясы көзөмөлдөгөн шайлоочулар коллегиясы тарабынан шайланган. Бирок учурдагы президент Саломе Зурабишвили өз кызматын таштап кетүүдөн баш тартууда. Андан сырткары, ал «Грузин кыялына» ультиматум коюп, жаңы парламенттик шайлоолорду өткөрүүнү талап кылууда. Болбосо, оппозиция «бийликтин кулашына» жетишерин эскертти.
Саломе Зурабишвили өз кызматында калуу чечимин дүйшөмбү күнү кечинде элге кайрылуусунда жарыялады.
«Мен калам. Эгерде 29-декабрга чейин “Грузин кыялы” жаңы парламенттик шайлоолорду өткөрүү тууралуу келишимге барбаса, биз бул максатка режимдин кулашын камсыздоо жолу менен жетебиз»,-деп билдирди учурдагы президент.
Мындан сырткары, Зурабишвили мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду даярдоо боюнча атайын кеңеш түзүлөрүн жарыялады. Аталган кеңешке оппозициялык партиялардын лидерлери жана ири бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирет.
Ошондой эле ал «Грузин кыялы» партиясынын негиздөөчүсү, оппозиция «өлкөнүн көмүскөдөгү башчысы» деп эсептеген миллиардер Бидзина Иванишвилини сүйлөшүүгө чакырды.
29-декабрда парламентте Михаил Кавелашвилинин инаугурациясы өтөт. Ал эми 30-декабрда ал президенттик сарайга көчүп барып, 31-декабрда ошол жерден өлкө жарандарына жаңы жылдык куттуктоо айтмакчы. Бирок дал ушуну Саломе Зурабишвили да пландап жатат жана сарайды бошотуудан баш тартууда.