Грузиянын прокуратурасы шайлоонун бурмаланышы мүмкүн деген шек менен иликтөө ишин баштап, президентти суракка чакырды. Зурабишвилинин сурагы 31-октябрга белгиленди.
Прокуратура президент Саломе Зурабишвилини парламенттик шайлоодогу мыйзам бузулуулар тууралуу билдирүүлөрүнө байланыштуу чакырды. Тергөө органдары мамлекет башчысы шайлоодогу мыйзам бузулуулар боюнча далилдерге ээ болушу мүмкүн деп эсептейт.
Иликтөөнү баштоо үчүн негиз катары Борбордук шайлоо комиссиясынын кайрылуусу кабыл алынды. Комиссия шайлоодо бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы жеңүүчү деп жарыялаган.
Грузияда парламенттик шайлоо 26-октябрда өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы 54 пайыз добуш менен жеңишке жеткен. Оппозиция жана президент Саломе Зурабишвили шайлоо жыйынтыгын таануудан баш тартып, нааразылык акцияларын уюштурушкан.