Грузиянын президенти мандатын тапшырбай турганын билдирди

Автор

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили 29-декабрда ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганына карабастан, мандатын тапшыруудан баш тартты. Бул тууралуу ал швейцариялык Temps гезитине берген маегинде билдирди. Ал жаңы парламенттик шайлоо өткөрүлгөнгө чейин мандатын тапшырбай турганын жана оппозициянын нааразычылык акцияларын Евробиримдиктин колдоосуна чакырды. Зурабишвилинин айтымында, анын «Грузия кыялы» партиясы менен байланышы жок.
14-декабрда Грузияда жаңы система боюнча президенттик шайлоо өткөрүлдү. Мамлекет башчысын биринчи жолу жарандар эмес 300 кишиден турган шайлоо коллегиясы тандады. Анын курамына депутаттар, автономиялуу республикалардын жана жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрү кирген. Жеңүүчү болуп жалгыз талапкер («Грузия кыялы» партиясынан) Михаил Кавелашвили жарыяланды.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Акылбек Жапаровду эмне себептен кызматтан алганын айтты

Президент Садыр Жапаров 18-декабрда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров салык системасындагы алешемдиктер үчүн кызматтан кеткенин билдирип, аны саясатташтырбоого чакырды. Мамлекет башчынын айтымында, өлкө бюджетин түзүүчү салык системасындагы акыркы оркойгон терс көрүнүштөр баарыбызды кейишке салды. “Маселен, акциз маркаларына байланышкан махинациялар ашкереленип жатат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой бул […]

Сизге жагышы мүмкүн