“Өзгөрүүлөр үчүн коалиция” деген топ борбор калаадагы Мамлекеттик университеттин айланасындакы жолдорду тосуп алышты. Аны менен да калбай чатырларды тигип жатышат. Оппозиция лидерлеринин бири Ника Гварамия “Биримдик-Улуттук кыймыл” деген партия да кошулганын, шайлоону кайра өткөзүшпөсө, мөөнөтсүз нааразылык акциялары уланаарын билдирип, сууктан, камоолордон жана орус режиминен коркпогондорду акцияга келип кошулуусун суранды.
Учурда Тбилисинин Руставели аянтында «Добушумду кайтаргыла!» деген ат менен акция өтүүдө.
Ал эми 16-ноябрда болсо, Борбордук шайлоо комиссиясы 26-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, «Грузин кыялы» партиясы жеңишке жетти деп бүтүм чыгарган.