Грузияда шайлоонун жаңжалы токтой элек

Автор

Грузин парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили Тбилисиге барган Еврошаркет делегациясынын курамындагы Германия, Финляндия, Швеция, Франция, Литва, Латвия, Эстония жана Польша парламенттеринин эл аралык комитеттеринин башчылары менен жолугушуудан баш тартты. Мындай аракетин “алар грузин коомуна көрсөткөн достук эмес мамилесин көрсөтүштү”,- деп түшүндүрдү.
26-октябрда Грузияда парламенттик шайлоо өтүп, “Грузин кыялы” партиясы 53,92%, добуш алып, жеңишке жеткен. Оппозиция 38% пайыз добушка ээ болгон.
Бирок, Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили өлкөнү “Грузин кыялы” партиясы басып алганын айтып, “өкмөт, парламент, жаңы президент легитимдүү болушу үчүн кайрадан шайлоо уюштуруу зарыл”,- деди президент .

Бөлүшүү:
Next Post

Транспорт министрлиги ашуулардагы абал боюнча айдоочуларга кайрылды

Бүгүн, 12-ноябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат. Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Бишкек-Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, […]

Сизге жагышы мүмкүн