Грузияда парламенттик шайлоо: АКШ жана ЕБ мыйзам бузууларды иликтөөгө чакырды

Автор

АКШ жана Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр Грузия бийлигин парламенттик шайлоодо кеткен мыйзам бузуулар боюнча иликтөө жүргүзүүгө чакырышты. Вашингтон жана Брюссел шайлоо процессинде «шайлоочуларды сатып алуу» жана «добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу» сыяктуу маселелерге көңүл бурушту.
«Эл аралык байкоочулар шайлоонун жыйынтыктарын эркин жана адилет деп тааныган жок»,-деп билдирди АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. Анын айтымында, бузуулар арасында «бийликтеги партиянын мамлекеттик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу жана коркутуу» учурлары катталган.
Өз кезегинде Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку комиссары Жозеп Боррель “Биз Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясын жана башка бийлик органдарын өз милдеттерин аткарууга, оперативдүү, ачык жана көзкарандысыз иликтөө жүргүзүүгө чакырабыз”,-деди өз билдирүүсүндө.
Грузияда шайлоо 26-октябрда өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынтыктары боюнча 99,2 пайыз бюллетендер саналып чыккандан кийин, алдыңкы орунду 54,08 пайыз добуш менен бийликтеги «Грузиянын кыялы» партиясы ээлеген. Оппозициялык партиялар шайлоонун расмий жыйынтыктарын таануудан баш тартышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Элдин таразасындагы эки министр

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен транспорт министри Абсаттар Сыргабаевдин жылдызы жанабы? Алардын кызмат ордуларындагы аракеттерине оң баа берилгени, жоопкерчилик алууга бышып, жетилгени, таза иштеп жатышканы тар чөйрөдө айтылып баштады. Коомчулукка анча белгисиз болушса да, аталган министрлер боюнча азырынча нааразычылык жок. Бирок, быйылкы кыш экөнүн тең ишмердүүлүгүн сынап, элдин таразасына […]

Сизге жагышы мүмкүн