1-декабрда грузиялык оппозиция бийликтин өлкөнүн Европа Биримдигине кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрүн 2028-жылга чейин тоңдуруу чечимине каршы төртүнчү күн катары менен нааразылык акциясын өткөрдү.
Бул жолу полиция Тбилисидеги башкы көчөлөрдүн бири – Руставели проспектисин тосуп салды. Бул элдин чогулуусуна тоскоол болгон жок.
Полиция демонстранттарга суу аткычтарды кеңири колдонуп, парламенттин дарбазаларынан алыстатууда.
Оппозициянын митингдери Поти, Рустави, Телави жана Кутаиси сыяктуу өлкөнүн бардык негизги шаарларында өтүүдө.
Нааразылык акциялары төрт күн катары менен уланууда. Он миңдеген адам катышкан митинг 30-ноябрда өттү. Анда демонстранттар фейерверктерди колдонсо, полиция дубинкалар жана суу аткычтар менен жооп берген.
Бийлик нааразылык акцияларына карата катуу позицияны карманып жатат.