Гречка же овсянканын кайсынысы ден соолукка пайдалуураак экендигин адистер айтып берди.
Овсянка курамында болжол менен 12% белок, 65% углевод, 5,8% баалуу өсүмдүк майлары (гречкага караганда дээрлик эки эсе көп).
-овсянка ичеги-карын жолдорунун көптөгөн ооруларына пайдалуу. Ал ашказандын былжыр челине оң таасирин тийгизет, гастрит же жарадан келип чыккан шишиктен жана оорудан сактайт, – деп түшүндүрөт Ирина Торопыгина. Ошондой эле овсянка атеросклерозго, аз кандуулукка, муун ооруларына көрсөтүлөт. Албетте, дан эгиндери көбүрөөк пайдалуу касиеттерге ээ.