Министр: Гренландия АКШнын бир бөлүгү болгусу келбейт

Автор

Гренландия АКШнын курамына киргиси келбейт. Бирок, Вашингтон менен ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүүгө ачык. Мындай пикирин Гренландиянын ишкердик, соода, минералдык ресурстар, юстиция жана гендердик теңдик маселелери боюнча министри Наая Натаниэльсен The Washington Post гезитине жазган макаласында билдирди.
“Биздин премьер-министрибиз ачык айткандай, Гренландия өз элине таандык. Биз АКШнын бөлүгү болгубуз келбейт. Биз Даниянын да, Американын да жараны эмеспиз”,-деди Натаниэльсен. Ошол эле учурда ал Гренландия эки тарапка тең пайда алып келе турган келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүктөрүн көрүп жатканын белгиледи.
Министрдин айтымында, Гренландиянын экономикасын өнүктүрүү потенциалы абдан чоң. Арал экологиялык стандарттарды жогору карманат жана геологиялык ресурстарга бай. “АКШны биз менен бирге ишкердик кызматташтыкты жакшыртууга чакырабыз”,-деди Натаниэльсен.

Бөлүшүү:
Next Post

Былтыр кыргыз жарандыгын алууга 23 миңден ашуун адам кайрылган

2024-жылы 23 миңден ашуун жараны Кыргызстандын жарандыгын алуу үчун арыз тапшырган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Калкты каттоо департаментинин жетекчисинин орун басары Бекзат Ибраимов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, 23 миңден ашуун арыз түшкөн, бирок анын ичинен миңден ашуун гана Орусиянын жаранына берилген. Кайрылгандардын басымдуу бөлүгү Өзбекстан […]

You May Like