Грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында чемпионат өтөт

Автор

Грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиишти.
Маалыматка ылайык. мелдеш 20-21-февраль күндөрү Р. Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде өтөт. Ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Мелдештин жүрүшүндө 45, 48, 51, 55, 60, 65, 71, 80, 92, 110 кг чейинки салмак категорияларында беттештер өтөт.
Белгилей кетсек, грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу “Тайманбас” Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектекби жана күрөш федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Мурдагы премьер-министр жубайы менен бир күндө көз жумду

Нидерландиянын мурдагы премьер-министри, Дрис ван Агт жубайы Евгений менен 5-февралда эвтаназия процессинен кийин 93 жашында көз жумду. The Rights Forum уюмунун жетекчиси Жерард Йонкман Голландиянын NOS телеканалына берген маегинде жубайлар катуу ооруп жатканын, 70 жыл чогуу өмүр сүргөндөн кийин “бири-бирисиз жашай албастыгын” белгиледи. Дрис ван Агт 1977-1982-жылдары Нидерланддын премьер-министри болуп […]

Сизге жагышы мүмкүн