Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Дүйнө чемпионатына жана Эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Эльбурск районунда (Россия) биргелешкен Эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, окуу-машыгуу жыйыны 29-июнла башталган жана 15-июлга чейин уланат.
Курама команданын тизмеси:
– 60 кг Жоламан Шаршенбеков, Нурмухаммед Абдуллаев,
– 63 кг Тынар Шаршенбеков;
– 67 кг Раззак Бейшекеев, Амантур Исмаилов;
– 77 кг Акжол Махмудов, Ырыскелди Максатбек уулу;
– 87 кг Атай Азизбеков, Азат Салидинов;
– 97 кг Үзүр Жузупбеков, Нурмамбет Райымалы уулу;
– 130 кг Ким Роман;
– Улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков;
– Башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев.