Глобалдык жылуулук: Климаттын өзгөрүүсү көзөмөлдөн чыкты

Автор

Бириккен Улуттар Уюму климаттын өзгөрүшү рекорддук эң ысык апта болушу мүмкүн деп эсептелгенден кийин көзөмөлдөн чыккандыгын билдирди

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш бейрасмий маалыматтарды талдоо шаршембиге чейинки жети күндөгү орточо глобалдык температура рекорддук аптадагы эң ысык апта болгонун көрсөткөндүктөн, “климаттын өзгөрүүсү көзөмөлдөн чыгып баратат”, –  деди.

“Эгерде биз зарыл болгон негизги чараларды көрүүнү кийинкиге калтыра берсек, менимче, биз катастрофалык абалга баратабыз, муну акыркы эки температуралык рекорд тастыктайт” деди Антонио Гутерриш.

АКШнын Курчап турган чөйрөнү болжолдоо боюнча улуттук борбору (NCEP) түзгөн маалыматка ылайык, шейшемби күнкү орточо глобалдык температура 17,18°C акыркы 44 жыл ичиндеги рекорддук эң ысык күн болду.

Бөлүшүү:
Next Post

“Евровидение-2024” өтө турган шаар аталды

Швециянын Мальмё шаары Евровидение-2024 ыр сынагын өткөрөт.  Бул тууралуу сынактын уюштуруучусу – Европа телерадиоберүү биримдиги (EBU) билдирди. “Мальмё шаар тендеринин жыйынтыгында тандалып алынган, анда башка критерийлер менен катар коноктун шарттары, келген миңдеген делегацияларды, тасма тартуучу топторду, күйөрмандарды жана журналисттерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле жергиликтүү инфраструктура бааланган”, — деп айтылат […]

Сизге жагышы мүмкүн