Түндүк Кореянын армиясы 2-апрелде орто жана алыс аралыкка учуучу жаңы «Хвасонп хо-16Б» ракетасын ийгиликтүү сынады. Учурууну Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өзү жетектеди.
Сөз гиперүндүү дүрмөт башы бар ракета жөнүндө болуп жатат. Аскердик күчтөр ракетанын ылдамдыгы, бийиктигин, учуу траекториясынын өзгөчөлүктөрүн ырасташы керек болчу.
Түзүм 72,3 чакырым бийиктикте 1 миң чакырым аралыкка учуп, Япон деңизине кулаганы айтылууда.