Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев гимнди өзгөртүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев катышты.
Төрага Нурланбек Шакиев мамлекеттик гимнди өзгөртүү маселеси кеңири коомчулуктун катышуусунда өтүшү керектигин белгилеп: “Кыргызда “Кеңешип кескен бармак оорубайт” – деген жакшы кеп бар. Анын сыңарындай, аталган маселеге бардык жарандар катышып, текстин жана обонун сунуштоого эч кимге чектөө коюлбашы керек. Эл акыны же тажрыйбалуу композиторлор эле эмес, бардык чыгармачылыкка кызыккан жарандар өз вариантын сунуштай алгыдай мүмкүнчүлүк түзүлүшү зарыл. Алардын ичинен өлкөбүздү даңазалап, элибизди алдыга сүрөп, демине дем кошо турган мыкты гимнди атайын комиссия тандап, Жогорку Кеңешке киргизиши шарт”, – деди Төрага.
Муну менен катар Төрага кийинки жумада тиешелүү комиссиялар түзүлүп, эң кеч дегенде келе жаткан жылдын апрель айына чейин жаңы гимн кабыл алынышы керектигин белгиледи. Тагыраагы, аталган убакытка чейин кеңири талкуулар уюштурулуп, сынактар өткөрүлүп бүтүшү зарыл деген оюн айтты.
Ошондой эле жолугушууда азыркы гимндин текстине жана обонуна байланыштуу түрдүү пикирлер көтөрүлүп, кайырмасы Кыргыз ССРинин гимнине толук окшош экени мисал келтирилди. Мындан сырткары, коомчулукта гимн үчүнчү жак менен жазылып калганы боюнча да сын пикирлер бар экени айтылды.
Андыктан, эгемендүүлүгүбүздүн эң негизги символдорунун бири саналган гимн жаңы багытта, жаңы көз карашта жазылышы керектиги белгиленди.
Алсак, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өлкөдөгү жаңыланууларга, жакшы өзгөрүүлөргө жана реформаларга ылайык жаңы мамлекеттик гимн жазылышы зарыл экенин жүйө келтирип: “Кыргызстаныбыз азыр өнүгүү жолуна түшүп, бардык тармактарда алгылыктуу иштер аткарылууда. Мамлекетибиз үчүн маанилүү болгон ири долбоорлор ыкчам ишке ашып, калктын келечекке болгон ишеними артууда. Андыктан, жаңы багытыбызга, жаңы кадамыбызга шайкеш келген гимнди тандап алышыбыз керек”, – деди.
Ал эми маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов аталган маселе боюнча Жазуучулар жана Композиторлор союзу баштаган тиешелүү бирикмелер жана адистер менен атайын жыйындарды өткөрүп, мамлекеттик гимнди кабыл алууга байланышкан керектүү иштерди жүргүзөрүн билдирди.
Андан тышкары, Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиевге жаңы кабыл алына турган гимндин текстине өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы коюлду.