Жогорку Кеңеште мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча ведомстволор аралык комиссияга сегиз депутат – Жанар Акаев, Аккулу Бердиев, Бакытбек Марипов, Винера Раимбачаева, Кубаныбек Самаков, Саидбек Зулпуев, Айбек Маткеримов жана Советбек Рустамбек уулу кирди.
Вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев Министрлер кабинетинде түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия жаңы гимндин үч вариантын тандап, парламентке сунуштай турганын билдирди. Кийин алар депутаттык комиссия менен иштеп чыгып, Жогорку Кеңеш гимдин үч долбоорунун ичинен бирөөнү тандап мыйзам менен бекитери айтылды.
Эске салсак, Мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин парламент төрагасы Нурланбек Шакиев көтөрүп чыгып, апрель айына чейин комиссия түзүп, жаңы гимнди бекитүүнү тапшырган. Спикер азыркы гимндин кайырмасы Кыргыз ССРинин гимнине окшош жана анын сөзүнүн үчүнчү жак менен жазылып калганы боюнча коомчулукта пикирлер айтылып жатканын билдирген.